Бишкекте 7 жашар бала сүннөткө отургузгандан кийин каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкекте 7 жашар бала сүннөткө отургузгандан кийин каза болуп калды. Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, окуя 2-апрелде орун алган.

Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлерине №3 балдар ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда оорукананын хирургия бөлүмүндө бала каза болгондугу маалымдалган. Жерине ыкчам тергөө тобу барганда төмөнкүлөр аныкталган.

“Улуттук госпиталдын дарыгери К.Т. 2015-жылы туулган Ш.А. аттуу балага жергиликтүү наркоздон берип сүннөткө отургузган. Андан кийин эле 7 жаштагы бала №3 балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө “Платтер синдрому, катуу жарааттан кан кетүү” диагнозу менен жеткирилип, эсине келбей каза болгон.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат“, – деп билдиришти маалымат кызматынан

Аргумент.kg