Бишкекте 35 жаштагы жаран таанышын сабап, андан соң ала качып кеткен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Адам уурдоого шектүү жаран кармалганын 11-январда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

8-январга караган түнү саат он жарымдар чамасында Коенкөзова көчөсүндө борбор калаанын тургунуна таанышы кол салган. Ал курал менен коркутуп, аны сабаган. Өтүп бара жаткан адам жардам берем дегенде аны да сабап салган. Андан соң кызды күч менен унаага салып, Ала-Арча суу сактагычына алып барып, ал жерден дагы сабаган. Бишкекке кайтып келгенден кийин ал кызды зордуктай баштаган.

Бул факты Жазык кодексинин 165-беренеси («Адам уурдоо») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Биринчи май РИИБдиин №5 шаардык бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган М.М. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин сот аны 2 айга СИЗО-1ге камакка алды.

Тинтүү учурунда шектүүнүн унаасынан кош ооз мылтык, 3 ок жана колго жасалган бычак табылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Аргумент.kg