Бишкекте 26 жаштагы жигит өз өмүрүнө кол салууга аракет кылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн,  5-апрель күнү, саат 07:30 чамасында Бишкектин Түгөлбай Ата көчөсүндө жайгашкан үйдө өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган жаран куткарылып калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган даректе 1997-жылы туулган А.А атту жаран болгон. Жерине ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын өздүк курамы тартылып, куткаруучулар жаран менен сүйлөшүү жүргүзгөн соң бекилген эшикти ачтырышкан. Ошол эле учурда ага биринчи жардам көрсөтүлүп, тийиштүү кызматка өткөрүп берилди.

 

Аргумент.kg