Бишкекте 16 жаштагы кыз 12- кабаттан кулап, каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

12-кабатынан кулап каза болду. Бул маалыматты  Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты. Андагы маалыматта, окуя кечээ, 9-январь күнү болгон. Анда саат 08:41де Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кыз кулап кеткендиги тууралуу чалуу милицияга түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кулап кеткен кыз 2007-жылы туулган К.Н. аттуу кыз экендигин аныкташкан. Кыз каза болгон. Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда иштин чоо-жайы иликтенип жатат.

Аргумент.kg