
Бишкекте 15 жаштагы кыз өз жанын кыюуга аракет кылды
10-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкекте 15 жаштагы кыз өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Айни көчөсүндө жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан 2008-жылы туулган кыз секирип өз өмүрүнө кол салганы аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу жана ИИМден 1 экипаж тартылып, жогору аталган кызды куткаруучулар түшүрүп ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Абалы жакшы.