Бишкекте 13 жаштагы бала 8-кабаттан кулап мерт кетти
02-баш оона, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваБишкек шаарынын Репин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн терезесинен 13 жаштагы эркек бала кулаган. Бул тууралуу Ленин РИИБ билдирди.
Окуя 30-июлда болгон. Милиция кызматкерлери саат 10:00 чамасында 8-кабаттагы терезеден 2009-жылы туулган А.Э. кулаганын аныкташкан. Өспүрүм окуя болгон жерде көз жумган.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иши жүрүп жатат.