Бишкек мэриясында дагы бир коррупция. Полигон куруу боюнча ЕБРР долбоору коркунучта

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек мэриясынын жооптуу адамдарына кылмыш иши козголду. Алар таштандыларды жөндөө боюнча ири долбоордо акча кымырган деп айыпталып жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Долбоор 2013-жылдын 10-майында башталган. Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы (ЕБРР) менен Кыргыз өкмөтү “Бишкек шаарынын таштандыны башкаруу системасын жакшыртуу” боюнча долбоорго кол коет. Ага ылайык Банк 11 млн евро каражатын бөлмөк.
Мындан сырткары КРнын Каржы министрлиги, Бишкек мэриясы, “Тазалык”, “Бишкек санитардык полигон” ишканалары жана ЕБРР долбоор алкагында товар жана кызматтарды сатып алууга кайтарымсыз 11 млн евро берүү боюнча келишимге кол коет. Бул документтердин баарын Жогорку Кеңеш ратификациялаган.
Бирок келишимдерге карабай, Бишкек мэриясынын жана муниципалдык ишканалардын жооптуу адамдары долбоорду үзгүлтүккө учуратуу коркунучун жараткан аракеттерди жасашкан. Тагыраагы, “Бишкек санитардык полигон” ЕБРР кредитин төлөй албай турган абалга жеткирип, анын киреше жана функциялары “Тазалыкка” өткөрүп жиберишкен – мында таштандыны чыгарып кетүү тарифтери белгиленген тартип боюнча кайра каралаган эмес.
Андан кийин “Тазалык” менен “Санитардык полигон” ишканалары полигондун таштандыны жок кылуу үчүн төлөмдөрүн 20%дан 80%га чейин кыскартып, кийин таптакыр жок кылып салышкан. Ошол эле маалда “Тазалыкка” долбоордо каралбаган 70,6 млн сом мыйзамсыз которулган.
Бул эки ишкана “Айыл Банкта” аккумуляцияда турган каражатты мыйзамсыз конвертация кылышкан. Мында сомду еврого алмаштырышкан, а кийин насыя төлөө маалы келгенде, тескерисинче, еврону сомго алмаштырып турушкан. Жыйынтыгында курстук айырмадан 547 миң сом зыян болгон.
Мындан сырткары “Бишкек санитардык полигондун” мурдагы директору жаңы полигонду куруу үчүн чет элдик подрядчикке  дээрлик 2 млн еврону алууга табыштаманы бербей, негизсиз убакыт созгон. Жыйынтыгында чет элдик компания полигонго 185 540 евро айып санкциясын койгон.
Тендер өткөрүүдө да мыйзам бузууларга жол берилген. TANA деген компания гана ута тургандай кылып баштапкы техникалык талаптарды өзгөртүп салышкан. Жабдуулар кымбат баада сатылып алыган.
“Ошентип, Бишкек мэриясынын жооптуу адамдары мамлекет жана коомдун кызыкчылыгына каршы иш кылып, эл аралык долбоорду үзгүлтүккө учуратуу коркунучуна кептеген”, – дешти прокуратурадан.
Бул иш боюнча тергөө амалдары уланууда.
Булак: Калыс Медиа 
 

Аргумент.kg