
«Бирөөсү 10 жылга…» Баткенде 14 жаштагы кызды зордуктап, өлтүргөндөргө сот өкүм чыгарды
01-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБаткенде 8-класстын окуучусун зордуктоо жана өлтүрүү боюнча сот өкүмү чыкты.
Кадамжай райондук соту эки айыпталуучу — Б.уулу Э. жана Г.Д.Иге карата өкүм чыгарды.
7-февралда Б уулу Э. өкүм чыккан. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 122 (2-бөлүк), 154 (2-бөлүк), 155 (2-бөлүк), 165 (2-бөлүк) беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 108-беренесинин 3-бөлүгү менен Б.уулу Э.10 жылга эркинен ажыратылды.
28-февралда сот экинчи айыпталуучу Г.Д.Иге карата өкүм чыгарып, ал дагы бир нече беренелер боюнча күнөөлүү деп табылган. Сот анын үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.
Эске сала кетсек, 2022-жылдын 4-сентябрында Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда 14 жаштагы окуучу кыздын жансыз денеси табылган. Аны биринчи зордуктап, кылмышты жашыруу үчүн өлтүрүрүп салышкан. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, 4 шектүү кармалган. Алардын бири өспүрүм. Декабрь айында шектүүлөрдүн экөөсү убактылуу кармоочу жайда өзүн өзү өлтүрүшкөнү маалым болгон.