Биринчи күйөөмдөн кетип калып, экинчи турмушумдан кыйналып жатам

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы чыгарып берсениздер. Кээде адам өз ойлоруна ээ боло албай башкалардан обок күтүп калат экен. Мен азыркы убакта экинчи турмуштамын, биринчи күйөөм менен алыстыктын айынан ажырашып кеткем. Ал урбайт, сөкпөйт, ичпейт чекпейт эле. Даайыма менин оюмду колдочу, бирок үйлөнгөн күнүбүздөн баштап кеч чыгып кетип тан атканда келип жүрүп мени көп сыздатты. Кыскасы ошондой жоруктарынан ажырашып тындык. Экинчим мени башында арбап алдады, мага чейин үч жолу үйлөнүптүр. Мени өтө бактылуу кыламын деген бирок тийгенден кийин 100 пайызга өзгөрүп кетти. Мени алдап мурунку аялына кетип калып атты. Экөөнүн кошо эркелеше түшкөн сүрөттөрүн көрүп, ар түнү боздоп сыздап ыйлап жүрдүм. Же кетип да кала албайт элем анткени үйдөгүлөрүм өтө каршы болгондо да болбой качып жүрүп тийип алгам. Биринчим талагымды бербей туруп, таарынып кеткениме 3 ай болгондо эле экинчи эрим менен таанышып калып келе бергем.  Ичет чегет да эле. Убакыт өтүп бир кыздуу болдук, аз нерсеге жинденип кетет, уруп сөгүп алып кечирим сурап эркелетип койсо эле жазылып кетем. Бирок бул нерсе түбөлүккө болчудай. Эмне кылсам кетип калсамбы ажырашып, же чыдасам бул адаттары калып калабы?Кетип калсам элдер эмне дейт. Кантсем туура болот?

Аргумент.kg