Бир тууган байкемден коркуп жашайм…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен 8-класста окуйм. Өзүмдөн бир жаш улуу байкем экөөбүз чоң энем менен айылда турабыз. Атам менен апам Москвада иштешет. Бир жолу түнү уктап жатып үстүмдөгү оор салмактан ойгонуп кеттим. Байкем үстүмө чыгып, ич кийимимди чечкенге аракет кылып жатыптыр. Чочуп туруп эле: “Байке, эмне кылып атасыз?”,-десем зарядка сурамыш болуп чыгып кетти. Андан бери бир нече күн өттү. Бул окуя тууралуу эч кимге айта албай жатам, ата-энеме айтайын дейм, жалгыз байкемди абдан жакшы көрөм, жазалашып, ызы-чуу чыгып кетеби деп корком. Айтпайын десем дагы бир күнү байкем мага зыян келтирип коёбу деп түнү тынч уктай албай калдым. Өзү да менин көзүмдү карай албай качып жүрөт. Мурун экөөбүз ынтымактуу элек, азыр түшүнүксүз абалда абдан жаман болуп жүрөм. Булак: Леди.кж

Аргумент.kg