Бир аз акчам бар эле үй алам дегем, бирок…
04-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы. Мен жаш жалгыз бой энемин. Кичине балам 10 ай. Улуум 2 жаш. Учурда иштеим бир аз акчам бар үй алам деп топ-топ жүрөм. Батыраак көбөйтүү үчүн кандай жол тутсам болот. Банктарга депозит ачтырып алсам алданып калбаймынбы? Башка жолдорун айтып кенеш берип коюнуздарчы. Жана да мен үчүн дуба кылып коюнуздарчы. Балдарымды эч нерседен кем кылбай ден-соолукта чонойтуп алайын. Атабыз чечкини жок чыкты жардам деле күтпөйбүз.