
Бийликти мактагандан тажабаган Чынара Мамажакыповага кыйын болду
08-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваӨзүн Курманжан даткага теңеген Чынара Мамажакыпова аттуу блогер бар. Ишкерликте жүргөнүн жарнамалап келчү, бирок эч нерсе чыкпай калды окшойт. Акырында президенттен баштап, дээрлик чиновниктерди, жандоочторунан бери соцтармакта мактай баштады. Мындай көрүнүш көндүм мүнөзгө айлангандай.
Чоңдорго кошомат кылуу жагынан Чынара айым алдына ат салдырбай турганда, бийлик көңүл буруп, кичинекей болсо да кызмат берип койбойбу? Же көп блогердин бири катары көндүмгө айландыбы? Кыязы, жаман кыйналып кетти окшойт. Үмүт кыла бергенде кайсы орган шишип кетчү эле? Мына ошондойго жеткизбей ойлонсоңор боло, “дакансалар”…
Булак: Азия News гезити