Бийлик кайдыгерби? Максат ажы нарксыз сөзү үчүн жоопкерчиликке тартылыш керек эле

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Максат ажы Токтомушев кыргыздын салтында жок жосунду сүйлөп, “эки атанын уул-кыздары үйлөнүш керек” деп ыпластыкка барды. Бийликтеги бир да аттуу-баштуу ооз ачып, укук коргоо органдары суракка чакырып, тарбиялап коюшпады. Акыр заман келатабы? Качан эле кыргыз ушундай нарксыз, айбанчылык сөздү укчу эле? Салтыбызда жети ата өтмөйүнчө кыз алышып, беришпейт. Бул айныгыс чындык, нарк-насил. А эмнеге бүгүн мукурап, бир чала сабат молдонун айтканына оозубузду ачып отурабыз? Максат ажы иш жүзүндө жоопкерчиликке тартылыш керек эле. Бирок, артында билимсиз сакалчандары бар үчүн бийлик айбыктыбы? Өтө өкүнүчтүү! Арабдардын акмакчылык жосунуна кыргыз эли эч качан баш ийбейт, акыры мындай бузукуларды сүрүп чыгарат!

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg