Бийлик ишенген үч партия шайлоого чейин эле жок болобу?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2020-жыл Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жылы.Ошол жылы Кыргызстанда чоң саясий өзгөрүулөр болоору күтүлүп жатат. “Ашуудан берген отчет” дегендей, эмки жылы күздө  президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтүнүн жарымы бүтөт. Ошентип, Кыргызстан дагы бир саясий өрдөн өтөт. Ары жагы кандай болот, бул нерсе бүткүл кыргызстандыктарды кызыктырып турат.
Парламенттик шайлоолордо бийлик булактарынын таасири күчтүү экенин баарыбыз билебиз. Бүгүнкү күндө ММКларда чыккан маалыматтарга караганда, президенттин айланасындагылар, бийлитеги группа үч партияга таянмакчы. Алардын бири – “Кыргызстан”.
“Парламент тарап, кезексиз шайлоо болот, ал 2020-жылдын февралында болот” деген сөздөр бекеринен чыккан эмес. “Кыргызстан” партиясы баарынан биринчилерден болуп, шайлоого даярданып, өз тизмесин тактап түзүп, съездин да өткөрүп жибергенге шашылды. Бирок, партия экиге бөлүнгөнүн съезддин жүрүшү көргөздү. Партиянын негиздөөчүсү, негизги каржылоочусу Шаршенбек Абдыкеримов (Шаки) менер Канат Исаевдин ортосундагы конфликт ачыкка чыгып, партия Исаевдин көзөмөлүнө өтүп, Шаки байке иш жүзүндө партиядан четтеди. Бул нерсенин өзү партияны финансылык жактан, биримдик жактан алсыздандырган негизги удар болду. Ал эми партияга карата коомдо “Кыргызстан”контробандисттердин партиясы” деген ой акыркы жылда калыптанып калды. Ага “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулунунэл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү катары “Кыргызстандан Казакстанга системалуу түрдө чоң көлөмдө контрабанда товарларын алып кирип турган” деген айып менен Казакстанда кармалышы болду. Казакстанга аны менен кошо “Кыргызстандан” дагы бир депутат Таалайбек Масабиров бармак болгон экен. “Масабиров АКШга иш-сапарга кетип, жетишип келбей калып, Кудай сактап кармалбай калды” деп парламентте депутаттар сөз кылып жүрүшөт.
“Кыргызстандын” Токмоктогу жергиликтүү мүчөлөрү дагы партиянын репутациясына далай эле залакаларын тийгизди. Контрабандалык агымды көзөмөлдөө үчүн атышып-чабышып, “чемпион” каймана аты бар, “Кыргызстандын” депутаты Урмат Самаевдин командасы катышкан чуулар көп чыкты. Жакында болгон дагы бир кылмышты ушул эле фракциянын адамдары менен байланыштырып жатышат. Түштүк кореялык жаран 50 миң доллар менен Кыргызстандан Казакстанга өтмөкчү болгон. Аны Самаевдин адамдары өткөрмөк болгон экен. Кийин акча да жок, кореецтин өлүгү Чу дарыясынан табылды. Бул окуя боюнча Самаедин жакын адамдары чакырылып, сурак берип жатышат. Тагдырдын тамашасын караңыз, Урмат Самаев өзү парламенттеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп отурат.
“Кыргызстан” фракциясына сокку дагы деле ушул бийликтин ичинен урулду. Канат Исаевдин көздөй күйөө баласы Бакай Ишенгулов “УКМКдан 200 миң долларды уурдап алып, өз кызыкчылыгына коротуп жибериптир” деген маалымат акыркы күндөрү массалык түрдө тарады. “Кыргызстан” фракциясы бүт аракетин жумшап, ал ишти жаап, күйөө баласын арыз жаздыртып, жумуштан бошотуп алып чыгып кеткенине карабай, ошол эле УКМКнын нааразы болгон башка кызматкерлери бул маалыматты таратып жиберишти. Бул окуялар “Кыргызстан” фракциясынын репутациясын орду толгус жоготууга учуратты. Мындан улам, “ушул курам, ушул лидер менен бул партия шайлоого чейин жетеби?” деген суроо пайда болду? Эң негизгиси, президент Жээнбеков жана анын командасы үч партияга таяна турган болуп турганда, ошол үч партиянын бири эми “Кыргызстан” боло алабы? “Жээнбековдун таянаар тоосунун бири бизбиз” деп, анын атынан эми булар башка саясий күчтөр,кандидаттар менен сүйлөшө алабы? Анда президенттин жарыялаган саясаты, жасап жаткан иштери менен чоң ажырым пайда болбойбу?! Деги койчу, ушул иштерден кийин “Кыргызстан” партиясы шайлоого жетеби? деген суроо негиздүү болуп турат.
“Президент таянаар үч тоонун экинчиси – “Мекеним Кыргызстан” партиясы” деп айтылып жүрөт. Анын мүчөлөрү да президенттин атынан сүйлөп, кандидаттарды жыйнап, саясий күчтөрдү өзүнө тартканга аракет кылып жатышат. Бирок, “Мекеним Кыргызстан” партиясына дагы сокку биринчилерден болуп урулган. Ал абдан күчтүү сокку болгон. “Мекеним Кыргызстан” – бул “Ихлас” курулуш компаниясынын негизинде түзүлгөн, идеологиясы жок, бизнести коргоо, сүрөө үчүн түзүлгөн партия” деп айтылып келет. “Ихластын”шоопур-ака Икрам Илмиянов менен болгон байланышы акыркы бир жылда коомчулукка белгилүү болду.
Акыркы кездерде “Мекеним Кыргызстан” менен бирге Раим Матраимов да барат экен” деген сөздөр желдей тараган.Ошол убакта Раим Матраимовго да чабуулдар башталды. Бул чабуулдар мындан ары да токточудай түрү жок. Ошентип, саясий түсү жок, өз идеологиясы жок, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өзү Кыргызстанга, шайлоочуларга керекпи (?) деген суроо да коомдо пайда болду.
Президент таянаар үч тоонун үчүнчүсү жана эң негизгиси – азырынча аты жок, бирок, Асылбек Жээнбеков менен анын ишенген досу Төрөбай Зулпукаров түзгөн партия болот экен” деп, депутат болууга ниети бар саясатчылар алардын айланасында чымын-куюн болуп жүрүшөт. Тизмеси түзүлмөктөн, эчак толуп калган. Акыркы жумаларда бул партияга да күтүүсүздөн оор соккулар башталды.
Биринчиси, кытай ишкери Айэркен Саймаитинин Стамбулдагы өлүмү Төрөбай Зулпукаровго сокку болот деп эч ким ойлогон эмес. Саймаити дипломаттык унааны минип, дипломаттык кол тийбестикти пайдаланып, өзүнүн контрабандалык иштерин Стамбулда улантып жүргөн. Стамбулдагы экс-башкы консул Эркин Сопоков аны менен коюн-колтук алышып, Түркиянын бизнес жана саясий элитасына кирип-чыгып, өз иштерин жасап жүрүшкөнү аныкталды.
Саймаитинин өлүмү тууралуу ар тараптуу маалыматтар чыга баштаганда, аны менен “Душка” каймана аты бар “бирболчу” депутат Дүйшөн Төрөкуловдун да чогуу түшкөн сүрөтү чыкты. Бирок, ал “Бир Болду” таштап, жакындан бери Зулпукаровду этектеп жүрөт. Орозодо ооз ачтыларда, намаздарда жанынан чыкпай жүрдү. Чамасы, анын тизмесине кирген болсо керек…
Ал эми Эркин Сопоковдун уулуАзамат Мамасалиев 2017-жылы 13-мартта студент кыздардан шантаж менен акча талап кылып, колго түшкөн. Ал ишти дагы жым-жым кылып басып коюшкан. “Кыргызтудей” булагы ал ишти мурдагы президент Атамбаевдин буйругу менен жапкандар Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүмбаев болгонун жазды. Анткени, 18 миң сом менен кармалган Азамат Мамасалиевдин атасы Эркин Сопоков Атамбаевдин Икрам Илмияновдон кийинки шоопуру болгон. Сопоковдун уулунун кармалганы тартылган видео интернетте кайрадан тарап, көпчүлүк аны жаңы кармалгандай кабыл алышты. Ишти жаап-жашырып коюшканда, УКМКнын айрым кызматкерлери нааразы болуп, эки жыл мурун эле оперативдүү тасманы прессага чыгарып жиберишкен. Ошентсе да, бул иш унутулуп, Сопоковдун уулу парламенттеги эң таасирдүү адам, президенттик партиянын жетекчисинин консультанты болуп чыкты. Анда депутат Зулпукаров тана албай, тастыктады. “Ооба, Эркин Сопоков менен жеке тааныштыгым бар. Ал белгилүү акын, мурдагы депутат Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы.Эрматовдун балдары, күйөө балдары менен катыштыгым бар”,- деди. Бирок, жогорудагы окуялар көп адамдарга Зулпукаровдун“Сопоков жана Саймаити менен байланышы бар” деген пикир калтырды. Эмнеси болсо да, Зулпукаров ары түртө салып, жаңжалдан эптеп кутулгансыды. Анда да биротоло эмес, чуунун учугу дагы уланат окшойт. Ал эми Сопоковдун уулунун Зулпукаровдун ишенген адамы болушу президенттин“тууганчылыкка, жердешчиликке, коррупцияга каршы күрөшөм” деп айтып жатканына шек жараткандай болду.
Ошентип, Президент ишенген үч партияны шайлоого бир жыл калганда эле азырынча белгисиз күчтөр, белгисиз саясий технологдор бир-бирден “жайлап”, жанча баштады.Бул окуялардын мындан кийин да уландысы болоору шексиз. Күтө туралы…
Дария Байкелова
Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg