Беткап тагынбай, эрежени сактабай жаттыңар эле. Коронавирус кулачын жайды
17-кулжа, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваӨткөн суткада Кыргызстанда 784 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 4 адам каза болду. Ошол эле учурда ,365 бейтап айыккандыгы маалым болду. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады. Ооруну эң көп Бишкек шаарында жуктурган.
Айтсак:
• Бишкек – 368;
• Ош – 97;
• Чүй облусу – 130;
• Ош облусу – 96;
• Талас облусу – 11;
• Нарын облусу – 2;
• Ысык-Көл облусу – 20;
• Жалал-Абад облусу – 38;
• Баткен облусу – 25.
Ушуну менен өлкөдө оору илештиргендердин жалпы саны 112 777ге жетти. Анын ичинен 103 930 бейтап дартты жеңген.
Республикалык штабдан белгилегендей, учурда жарандар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабай жаткандыгы абалды оорлоштурууда.