Беш жылдан кийин күйөөм жарашалы деп жатат. Эмне кылсам?
07-чын куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы сураныч чыгарып бериңизчи.Мен жолдошум экөөбүз ажырашканыбызга 5 жылдын жүзү болду. Ортобузда бир уулубуз бар, эми жолдошум кайра чогу бололу балабыз бар деп келип жатат.
Ата-энеси абдан жакшы кишилер, жарашып калсаңар жакшы болот эле деп жүрүшөт. Мен айтайын дегеним мен ага көнбөй калдым да, кайрадан жакшы көрүп кете аламбы, ошончо убакыттан кийин бир бирибизге көнүп кете алабызбы. Же баштабай эле өз жолдорубуз менен кеткен жакшыбы?