БЕРМЕТ КЕЛДИ, БАКИЕВ ДА КЕЛЕБИ?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстандагы акыркы окуялар ааламды таң калтыра тургандай эле болуп турат. Экс-президент Атамбаевдин камалышы, президенттикке талапкер Бабановдун мекенине кайтышы, анан баары бүтүп калгансып, бир кезде “Кыргызстан — наш общий дом” — деп, андан качкан, мындан качкандардын бардыгына эшикти кенен ачкан, бала-чакасы менен бийликти баскан, аялына бүт өлкөнү башкарткан, Узөңгү-Куушту кытайларга карматкан, ушундай ит кылыгына чыдабай эл көчөгө чыкканда 2005-жылы 24-мартта артын карабай Орусияга качкан экс-президент Акаевдин эрке талтаң кызынын кечээ күнү Бишкекке келиши эмнени каңкуулайт? Качкындар кайтып келе баштадыбы? Буга чейин Бабанов келсе, эми Бермет Акаева келди, 100дөн ашык кырчындай жигиттердин канын төккөн, Каркыраны казактарга бөктөргөн, жакында Белоруссияда 70 жылдыгын өткөргөн, тезек тергенге карапайым калкты көндүргөн, баш көтөргөндүн баарын өлтүрткөн канкор Бакиев да келеби? Деги кайда баратабыз?
БУЛАК: Факты. кж

Аргумент.kg