Бек Борбиев: «Спортко кылган мамилени маданияттан дагы күтөбүз»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ырчы Бек Борбиев маданиятка дагы жакшы көңүл бурулуш керектигин жазып чыкты.

“Спорт жааматына мамлекеттин мындай көңүл буруусу акыйкатта мурда болгон эмес. Эл дагы көрүп кубанып турат. Маданиятка дагы дал ушундай мамилени күтөбүз””,-дейт ырчы.

Белгилей кетсек, бүгүн, 23-августта президент Садыр Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Токио-2020” Олимпиадасына катышкан спортчуларга сыйлык тапшырды.

Анда, президент өзүнүн атынан Олимпиада оюндарына күмүш медалга ээ болгон Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбековага Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа тапшырган. Мындан сырткары, 10 миллион сомдон жана II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланышты. Калган катышкан спортчулар дагы 1 миллион сомдук акчалай сыйлык алышты.

Аргумент.kg