Бек Борбиев: «Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев деген эле сөздөр»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикрин ырчы Бек Борбиев жеке баракчасы аркылуу билдирди: «Москва. Жолуккан эле кыргыз мигранттар, «Кыргызстаныбыз кандай?» деп сурап калууда. Баары жакшы деп бармакты жогору кылам. Бирок андай эмес экенин алар менден жакшы билишет, интернет деген бар да. Алардын бул суроосун, качан өлкөбүзгө кайтсак болот деген таризде түшүнүп атам, качан экенин так билбейм, бирок бүгун эмес. Анткени бугун жумуш орундар дагы деле жок, Ала Тоо азыр тескерисинче жыл сайын силердин 2 млрд которуп турган акчанарга муктаж Саясат эки мигрант жолуккан жерде эле катуу талкуу болуп турганын байкадым. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев деген эле сөздөр. Эмнегедир боштук кылып жатышат, жумшак го. Инаугурациядан кийин кадр саясатын ондойт деп күткөнбүз. Бул барышында көпкө узашпайт. Ашанын күчүктөру буларды мындай назиктигин пайдаланып тез эле арада шыпырып түшүшөт, деген шыбыр кептер. Жалпы багыт туура, бирок экономиканы түшүнүшпөйт окшойт, чечкиндүү саясий, экономикалык кадамдарды куттук эле. Бул жүрүшүндө, мигранттык тагдырыбыз жакында бүтпөйт экен деп үшкүрүнүшөт Кыргызстанда жүрсөң баары эле өз жолунда бараткандай, көр оокат деп алыста жүргөн мекендештердин сөзү өзгөчө жүрөктү сайгылайт тура Бул сөздөр, Жапаровго, Ташиевге кулак кагыш»-деп жазды ал ARGUMENT.KG

Аргумент.kg