Бек Борбиев менен Тынар Курбаналиев «маянелерге» караганда мыкты көңүл ачабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Шоу бизнестин өкүлдөрү саясатка аралашып, алтургай Украинада Зеленский президент болду. Шайлоого аттанып, шымалангандардын арасында «наамдын мага кереги деле жок болчу» деп бааланган Кыргыз эл артисти Бек Борбиев, тилинен чаң чыгып, такымын жеген куудул Тынар Курбаналиевдин да ысымы аталууда. Элге аттын кашкасындай таанымал бул азаматтар күлүктөрүн суутуп, аламанга аралашууга таң ашырып жүргөн кездери. Эл шайлап калса, булар «сексалю», «маянелерге» караганда тың сүйлөп, элдин көңүлүн буруп, көкүрөгүндөгүсүн айткан депутаттардан болсо керек… Депутат болуп калышса, са, «эми президент болот элек» деп да дарбыйбы, ким билет?…  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg