Бек Борбиев: Камалгандар үчүн төңкөрүш — чоң бизнес

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

КР Эл аристи Бек Борбиев жекшембидеги камоолор боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жарыялады: — Кечээги камоолор боюнча «туура эмес» деген таризде пост жазайын дедим эле. Бирок бүгүн аудио сүйлөшүүлөрдү угуп… Деги качан бийликке, байлыкка тоёсуңар?! Мамлекетти талкалап, кайра жарата берүү силерге көнүмүш болуп калганбы? Ансыз деле революциялардын айынан коңшуларга салыштырмалуу дээрлик артта калдык. Дагы теңкерүш болду дейли, 2-3 жылдан кийин дагы теңкөрүш деп чыгасыңар. Төңкерүш силерге бизнесби? Ооба, эл билет, кэз биринерге чоң бизнеске айланган. Азыркы бийликти сүттөн ак дебейм, анча — мынча катачылыгы менен. Бирок төңкерүп салгыдай күнөө кыла элек. Кыргызга, Кыргызстанга ак кызматын кылып, дагы кылсам деген эле ниетин көрүп — билип жатабыз. Чек араны себеп кылып, элди дүрбөлөңгө салып келесиңер. Коңшулар менен чек аралар чечилгени эмне, жаманбы? Жакшы, карапайым элге жакшы. Коңшулар бизден алса, биз дагы көп эсе алардан алып жатабыз. Же коңшулар бизге жен эле жерин берип коебу? Эки өлкөнүн ортосунда чек аралар ошентип чечилет. Же силердин оюнарча эмне, согушалыбы? Тынчтык жолу мененби, согуш мененби — кээ бириңерди ал маселе кызыктырбайт. Түрмеде отурган жакыныңар чыкса, бийликти алсаңар, кызматтарды кучактап отурсаңар болду. Билебиз — азыркы бийликтин душмандары өте бай, миллионер, керек болсо миллиардерлери бар, Акча албетте, көп нерсени чечет, антсе да элдин кезү ачылган кез. 5 — 10 миң адам аз, өлкөбүзде 7 миллион калк бар, баарына акчаңар жетээр бекен? Айтор бул жолу теңкөрүш дегениңерди колдобойм. Кыйын болсоңор президенттик шайлоого катышып, мыйзамдуу жеңип алгыла. Орто кылымдын эмес, 21- кылымдын мыйзамы иштесин!

Аргумент.kg