Бек Борбиев: «Интернетте хайп болгон кичинекей балакай менен сүрөткө түшүп, упай топтой турган кез эмес»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Садыр Жапаровду командасын колдошубуз керек да” деген, “колдочу элек го” деп кыйыткан чалуулар болду. Бул тууралуу ырчы Бек Борбиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Ооба колдойлу. Башында жаны бийликке келгенде чанжырашты, эми жаы келди да, одоп кетет буйруса дедик. Жок, тилекке каршы чанжырагандары терендеп баратат. Бийликтин жалпы ички иш алпаруусу кээ бир оппозициялык күчөр айтмакчы “ниже плинтуса”. Жапаров өзү, Атамбаев талкалап кеткен, Жээнбеков түздөй албай калган сырткы саясатты оңдоо менен алек, ал дагы сөзсүз керектүү жумуш, тушунуктуу. А Мариповду өкмөт башына шайлап, ишеним көрсөтүп алганы, кийинки убакта ката болгонбу деп калдым. Анткени телевизорго көп чыгат, эки адамды эки жагына алган, өзү дардайып ортодо. Бир цехте же бир ишканада таанышып жүргөн болот. Сүйлөгөн сөздөрү баары эски. Демек, иш жүргүзгөнү да ошондой деген ойдо каласың. Ээ кудай, мындай Премьерлерди кыргыз эли далай көргөн, жадаган, бул өткөн чак! Мариповду жаш экенин көргөндө “мына эми накта жаш менеджер келди, жакын арада реформа, жаны өзгөрүүлөргө күбө болобуз” деп сүйүндүк эле. Андай болуудан баары азыр алыс. Ооба, убакыт керек, бирок заманбап саясий кырдаалда ал сиздерде мурдагы бийликтикиндей көп эмес. Азыр эл күтпөйт. Элдин нааразычылык кыла баштаганы, азык-түлүк, күйүүчү майлар кымбаттаганы. Өкмөттүн, антимонополия кызматы аракетсиз делдейип карап турганы таң калдырат.

Эли ачка калса, биринчи ханынын этин жейт тарыхта. Азыр сиздердин, урматтуу бийлик өкүлдөрү, “ёжик в тумане” болуп не кылаарыңарды билбей турганыңарды көрүп оппозиционер жарандарыбыз сүйүнүп, өздөрүнүн сааты жакында чыгаарын сезип, кымындап турган кези. Азыркы кезде интернетте хайп болгон кичинекей балакай менен сүрөткө түшүп упай топтой турган кез эмес, урматтуу ажо. Шайлоо бүткөн, силерге көпчүлүк эл добушун берген. Бул кезде силер ишиңер менен хайп болушуңар керек, иш менен чындап татыктуу экениңерди далилдегиле. Хайпты оппозиция кыла берсин. Анан эле көчөдө кыйкыргандарды кызматка коюп, генералдык чиндерди оңго-солго таркатканыңар, бул силердин коркоктугуңар деп билебиз. Демек силер көчө оппозициясынан коркуп, ал иштер менен алек болуудасыңар, айдан ачык. Тобоо, коркпогула. Азыр Жапаровду колдогондор баарынан көп, алар силерден корксун. Силер “минимум” Грузиядагы Саакашвили жасаган реформаларга барсаңар, эл 10, 20,30 жыл силерди эч кимге тийгизбей коргоп алат. Эгер кылсаңар, кылбасаңар анда төнкөрүшкө даярдана бергиле. Өзгөчө Ташиев, алгачкылардан болуп камалат. Анткени жакын эле аралыкта жети өмүрүнө жетээр душман күтүп алды. Бул күндө араңарда жалгыз иштеп аткан, элдин алкоосунда да ошол. Менимче Премьерлик тизгинди Камчы мырза, катаал кезди эске алып өзү алыш керек беле деген да ой кетет. Албетте, бул маселе “вам лучше виднее”.

Албетте, Садыр Жапаровду колдогондордун дагы деле катарындамын, бирок бул сөздөрдү жазышым керек болду. Убакыт аз, а душмандар көп, болгондо да күчтүү, бай, чет өлкөлөрдүнн албуут колдоолору менен. Чындыгында эле бул бийликтин ымыркайдай төрөлө элегинде жыгылып калуусун каалабайт элем. Башка менин жеке баамымда кыргыз, Кыргызстан үчүн күйгөн саясий күч дагы, лидер дагы жок.

Эртең эле айланып жыл өтөт. Өзгөрүү болбосо колдогондор катары азая берээри турган иш. Ар бир күн алтынга тете экенин силерди колдогондор туюп, үмүт менен карап олтурушат. Алар ач, жумушсуз же айласыздан алыста жүргөн  мигрант экендери эсиниздерде болсо керек»-деп жазды ал

Аргумент.kg