Бейшенбек Абдразаков: “Садыр Жапаров башка президенттерден айырмаланып, өз сөзүнө турду”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Бейшенбек мырза, кайсы бир деңгээлде элдик курултай максатына жеттиби?

— Албетте, максатына жетти. Биздин максатыбыз курултайды орнотуу болчу. Эгемендик алган жылдан бери элдик курултай деп какшап келбедикпи. Тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин тушунда эле бул маселени көтөргөндө, жергиликтүү курултай боюнча эле мыйзамга кол коюп койгон. Андан кийин Бакиев, Атамбаевдин убагында Башмыйзамдын 52-беренесин киргизген. Ал эми 2020-жылы Башмыйзамга 7-берене кирип, кенен түшүнүк берилген. Президенттин указы менен 1-элдик курултай өтүп, өз максатына жетти. Эгемен алган 30 жылдан берки президенттерибиз карапайым элдин үнүн уккан эмес. Бу жолу өзүңөр көргөндөй президент элдин үнүн укту.

— Курултай институту, анын мыйзамдуулугу жана ишмердүүлүгү, келечектеги максаттарына токтолсоңуз?

— Ооба, 1-элдик курултай президенттин указы менен өттү. Садыр Жапаров башка президенттерден айырмаланып, өз сөзүнө турду. “Башмыйзамды өзгөртөбүз, бир мандаттуу шайлоо болот, Кумтөрдү алабыз, элдик курултай орнойт” деп айткандарын аткарып келатат. Эми Жогорку Кеңештин депутаттары Курултай мыйзамын кабыл алышы керек. Эл өкүлдөрү бу кезге чейин курултайды конкурент катары көрүп келишкен. Эми андайдан чочулабаш керек. Башмыйзамда экөөнүн эки башка функциялары бар. Жогорку Кеңеш 30 жыл мурун кандай иштеп келген болсо, ошондой эле иштей берет. Мыйзам чыгарат, мыйзамдарды көзөмөл кылат, бюджетти кабыл алат дегендей. Ал эми курултай болсо бийликте өсүп-өнүгүүнүн багыттары боюнча өзүнүн кеңешин, баасын берет. Ушунун тегерегинде иштей бермекчи. Экөө бири-бирине жолтоо болбойт. Тескерисинче, бирин-бири толуктайт. Бири-бирине жардам берет. Алсак, бир депутат эки райондон шайланып келди. Жетишпей жатат. Курултайга болсо ар бир айыл өкмөттөн шайланып келип, ошол эле эл өкүлүнө колуна кол, бутуна бут болуп, бекер кеңешчи катары бир максатта иш алып барса болот. Эң негизгиси, күчтүү президент болгондон кийин таасирдүү курултай керек. Ошондо гана биздин мамлекет өнүгүү жолуна түшөт. А келечекте курултай бийлик менен элдин ортосундагы механизм болуп бере алат. Курултай – ата-бабадан калган мурас. Биз ошону орноттук. Эми мындан ары ата-бабанын жолу менен алдыны көздөй кетебиз, Кудай буюрса.

— Мындан ары эмне болот?

— Эгер буга чейин 5-6 саясатчы, 5-6 олигарх жана 5-6 НПОшниктер Кыргызстанды болушунча ары-бери калчап, кыргыздын тагдырын чечип келишсе, эми андай болбойт. Керек болсо Башмыйзамда жана гимнде “өз тагдырың  колуңда” деп жазылып турат. Эл өз тагдырын курултайда өзү чечет. Курултай 30 жылда чириген системага вакцина, эл аралык геосаясатта калкан, ички коррупционерлерге кылыч болуп берет. Болгону элдин кызыкчылыгында туура багытка бет алып, өнүккөн, күчтүү мамлекет болушубуз керек. Чынында кыргыз эли көрбөгөндүн баарын көрдүк: экспорттолуп келген саясатты, батыштын, чыгыштын, арапкулдун, деги койчу, баарын көрдүк, хандык башкарууну, парламенттик башкаруу… бирөөсү да жуккан жок. Эми кылымдарды карыткан улуу ата-баба жолуна түшүп, салттуу, нарктуу, ооматтуу, дөөлөттүү кыргыз каганатындай болобуз. Келечектеги 100 жылда кыргыздын өсүп-өнүшүнүн бир гана жолу ушул! Антпесек, экстремизм, терроризм, радикализм жолуна түшсөк, анда Афганистан болобуз. Экинчиси, биз 30 жылда 30дан ашык өкмөттү алмаштырып, 5-6 жолу президентти кууп, Акүйдү өрттөп, элдерди өлтүрсөк, анда Сомалидей жок болобуз.

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg