Бейшеналиев: “Омикрон” штаммы 10 эсе тез жайылат»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Коронавирустун “дельта”, “альфа” штаммдары менен улгайган адамдар ооруса, “омикрон” менен жаштардын көбү ооруп жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын төртүнчү толкунунун келиши жаңы жылдык майрамдар, корпоративдер жана кышкы туристтик сезон маалында адамдардын көп чогулушу себеп болгон.

“Өлкөдө катталган “омикрон” штаммы башка штаммдарга караганда 5-10 эсе тез жайылат. Бирок “омикрон” жарандарда жеңил өтүп, ооруканада жаткан бейтаптардын саны аз. Адамдардын 70 пайызы амбулатордук түрдө дарыланууда. Учурда оорукананын баары даяр турат”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 16-январга карата коронавирус 874 адамдан аныкталган.

Аргумент.kg