Бейшеналиев: Эл суранса кызматтан кетем

Бейшеналиев: Эл суранса кызматтан кетем

19-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев хирург Эрнст Акрамовдон кечирим сурабай турганын айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирген.
«Мен андан эч качан кечирим сурабайм. Меники туура. Менин кызматтан кетишимди эл суранган жок. Эл суранса кызматтан кетем. Мен бардыгын туура кылдым», — дейт ал.
Кечээ, 17-мартта депутаттар аны сындап, президент буга реакция кылышы керектигин айтышкан.