Бейшенбек Абдыразаков: Эл Бакиевге каршы чыкпай коигондо, убактылуу биилик сеператисттерди колдонгон!»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Бейшенбек ага, каргашалуу түштүк окуясын бүгүнкү бийлик кайрадан иликтеп жатат. Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн аттары аталууда. Чындык ачыкка чыгабы? — Ачыгын айтышыбыз керек, 12 жылдан бери акыйкат, адилет териштирүүлөр болгон эмес. Ар бир келген бийлик бул окуяны иликтеп, чекит коймок турсун — жаап, жашырып жатып алышты. Бирок эртели- кеч чекит коюлушу керек. Тагыраагы, мындан баары сабак алып, экинчи кайталанбай турган кылышыбыз керек. Биринчиден, тарых үчүн татыктуу баасын беришибиз керек. Экинчиден, баары бул кандуу окуядан сабак алышы керек. Үчүнчүден, мындай окуялар кайталанбашы үчүн адилеттүү иликтөө болушу керек. Төртүнчүдөн, бийликтегилерге жана саясатка аралашкандарга сабак болушу үчүн бул окуяны көз жаздымда калтырбоо зарыл. Бешинчиден, улуттар аралык абалды күрчутпаш үчүн сөосүз тиешеси барлардын баары жазаланышы шарт. Алтынчыдан, бийлик бир улутка каршы экинчи улутту басмырлаган, эл аралык геосаясатты колдонбошу үчүн бул окуяга адилеттүү баа бериши керек. Бакиев Жалал-Абадга качып барганда Жалал-Абаддагы тейит уруусу бир эл, бир журт, бир уруу болуп туруп, «кантип Бакиевге каршы чыгабыз?»- деп койгон. Ошондо убактылуу бийлик эмне кылаарын билбей, өзбек сепаратистери менен сүйлөшүп, «депутат, министр кылабыз»- деп өзбектер менен саясый соода кылышкан! Анан өзбектер Бакиевдин үйүнө барып кыргыздын боз үйү, желеги өрттелгөн. Ошондо Кыргыз көтөрүлгөн, ошентип саясат — үлүттар аралык согушка айланып кеткен. Өзбектерди жалдабаганда согуш чыкпайт болчу деп ойлойм. Булак: «Майдан. kg» гезити

Аргумент.kg