«Бегимайдын үйүндө көзүнө ар кайсы нерсе көрүнө берчү» дешти достору

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

17-январь күнү ырчы Бегимай Бекбоева 33 жашында жүрөк оорудан каза болду. Анын сөөгү туулган жери Кочкордо жерге берилди. Маркумду анын жанында жүргөн сахналаш достору эскерди.

«Өзүнүн айтымында, анда күчтүү кара дуба бар болчу. Ошол нерсе кыйынчылыкта жеңип кетти. Көз тийди, сөз тийди. Биз кандай кыйынчылык болбосун жүрдүк. Аракет кылдык. Ар кимибиздин өзүбүздүн үй-бүлөбүз бар да. Аябай кыйналганда азык-түлүк көтөрүп алып, жетип барчубуз. Биз катар менен эле барып турчубуз. Кара дуба деп дем салдырган жерге алып барып жүрдүк. Эч нерсе кыла албай койдук. Кыйынчылык үйүндө башталды. Үйүндө көзүнө ар кайсы нерсе көрүнө берчү. Бизди «келгилечи Кантка» деп чакыра берчү. А сен күндө Кантка бара албайсың да. Бир күн барсаң, кетирбейт, «бир нерсе көрүнүп жатат» дечү», — дешти достору.

Аргумент.kg