Бажыдан байыган Масабиров тилден чайналып, сынга кабылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин 6-7-чакырылыштарына бажыдан байып келген депутаттардын бири Таалайбек Масабиров. Өзү кадимки Алмамбет Матубраимовдун күйө баласы. Кайнатасы күркүрөп депутат, парламенттин төрагасы болуп, Кыргызстандын бир жагын чоюп турганы эсибизде. Ошондой ыңгайдан пайдаланып, Т.Масабиров да “майлуу” кызматка эрмешип, чиригенче байып, Токмок, Бишкек бажыларын башкарып, майкандаганы айтылып жүрөт. Кесиби филолог болгону менен Таалай Масабиров спортсмен эмеспи. Машыгып жүрсө китепти кайдан окумак эле? “Масабиров мелдештерде жүрүп, КУУнун кыргыз филологиясын жыргатып деле окуган эмес, фамилиясын туура жазса керек, бирок дил баянга келгенде мокойт” деп курсташтары кеп кылышат экен. Өзүнүн өмүр баянын ката жазган башка сабатсыз депутаттардай эле Т.Масабировдун да төрт диплому бар. Эми ушул өтө “билимдүү” депутат кыргыз тили боюнча адис катары пикирин айта албай, орус тилин кошо ала чуркап (орусча деле сабаты жакшы эмес да), “орусча деле сүйлөй берели” деп парламентте демилге көтөргөнү күлкү келтирди. Сүйлөй алса сүйлөй берсин, бирок оозу менен орок оргондон иш бүтпөйт. Депутаттар андан көрө сабаттарын жоюп, жазганды үйрөнүшсө жакшы болмок.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg