Баяна Кулова: Орозайым чачыңдан кармап дубалды сүздүрөм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин журналист Баяна Кулова жеке фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди

«Орозайым, депутат болуп келип бир көптүң унчукпадым. Сенин жашыңда депутат болуп дөөлөттү көтөрүү оор. Делбеңдеп көчөдө жүрүп эле учуп барып эл тагдырын чечип калсаң. Добуш бере албай көзүң алайып компту кармалап калганыңды айтып депутаттар күлүп жүрүшөт.

Түрмөгө түшүп, бейиш экен деп дөөдүрөдүң, мейли, буту колуң жылбай калды дешти, аял катары аядым. Колумдан келишинче жакшы сөз айтып турдум, ага КУДАЙ КҮБӨ!!!

Бегзатка окшогон сөз тандабастар башыңдан ылдый ашаткы куюп атканда Орозайым кайын журт күтсө бетине чиркөө болот, антпегиле”-деп далай тепкиде калдым. Мейли.

Сени мен жылбай калган экен, бир сурап коёюн деп жүрсөм бүгүнкү кылыгың ашыкча болду. Саламыңа жутап калган эч ким жок. Депутат кезиңде да коридордон түртүп өтүп кеткениңден ушул дөдөйгө теңелбейин деп сабырымды кармап калгам. Бүгүн да кылыгың кайталанды. Уяттуу кишилер бар эле жанымда, унчукпадым. Эгер дагы кайталанса, чачыңдан кармап дубал сүздүрүп эсиңе келтирип коюуга кудуретим жетет. Ар намысымды мен сага окшоп көчөгө жайып койгон эмесмин, каттуу коргойм!!!!

Кечээ эле баспай калды деп ыйлап атышпады беле? Күчтүү актриса турбайсыңбы, чуркап эле каткырып эле жүрөсүң го чиркин. Не кылып алдыңар дегенсип. Түрмө сага сабак болбоптур, чыгарбай эле коюшпады да.
Эсиң менен бол сиңдим, мен көп эскерте бербейм, эскертсем эси көөнүңдөн кеткис кылам. Күзгүнү көргөн сайын иттей текеберлигиң үчүн алган жазаңды өмүр боюу өкүнүп эстеп калба!! Сыйыңа муктаж эмесмин, шүгүр, сыйлашчу адамдар. Сага мен азыр ачуу сөзгө өтүп атам, өмүрү өткөн эмесмин. Эсиң барда этегиңди жап, кыялыңды оңдо, болбосо акыретке чейин муңканып жүрүп өтпө!!!
Мага асти көрсөтпө ким экениңди. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын, мен ачсам мамлекеттин эмес, түбөлүк абийириңдин түрмөсүнө түшөсүң. Ал жактан кутулуу, акталуу, жалган айтып эси ооп калуу, анан каткыра күлүп коридордо сүзүп өтүп кеттүү деген болбойт!!!

Эсиңе кел сиңдим!! Дал ушундай текебердигиң үчүн түрмөгө кирип ар түрлүү фокустардын аркасынан араң чыктың. Эми, Кудай сени кайра кайтарбасын ал жакта.

Анан эжелик бир сунушум, актрисалык талантың курч тура. Драма театрга жумушка кир. Өңдүү түстүүсүң, жакшы ролдор сөзсүз сага берилет. Саясатта роль аткара албайт экенсиң. Саясатта эң биринчи адамкерчилик роль ойнойт. Сен бир ай олтура албай куулуп кеткен ЖКда мен 12 жыл жүргөм. 12 жыл оңой убакытпы. Амалың 40 эмес, 40 млн эшекке жүк болсо да, сага жооп берүүгө күч кубатым жетет!!»-деп жазды ал.

Аргумент.kg