«Батуми» кафесин буздурган Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 «Батуми» кафесин буздурган Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымат булактары билдирди. Белгилей кетсек, Орунтаев шаршемби күнү атайын техника менен барып кафени буздуруп, ичиндеги буюм-тайымдарды сыртка чыгартып салган. Ал кафе мыйзамсыз курулганын, бузуу боюнча алдын ала кабарлама берилсе тоготпой коюшканын айтууда. Ал эми «Батуминин» ээсинин адвокаты муну аша чабуу катары сыпаттап, бузууда 9 миллион сомго жакын зыян келтирилип, 50 адам жумушсуз калганын белгилеген. Окуя болгон күндүн эртеси кафеге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барып, эгер сүрдүрүү мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга тапшырма берген. Өз кезегинде жактоочу Орунтаевдин үстүнөн арыз жазганын билдирген. Булак:Аргумент кж 

Аргумент.kg