Баткенге жардам: “Манас” аэропорту атайын эсепке 956 сом которду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Үрөй учурган трагедия – кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышуу адамдардын, анын ичинде жаш балдардын өмүрүн алды. Бул жалпы Кыргызстан үчүн чоң жоготуу.
“Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын жалпы жамааты четте карап тура албай, өз ыктыярлары менен бир күндүк эмгек акыларын Баткен облусундагы кагылышууда жапа чеккен жарандарга которууну чечишти.
“МЭА” ААК 2 миллион 832 миң сом суммадагы кызматкерлердин бир күндүк эмгек акысын которду.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы (Баткен облусу) куралдуу кагылышуудан жапа чеккен мекендештерге колдоо көрсөтүү үчүн ыктыярдуу салымдар үчүн атайын эсепке 956 сом которулду.

Аргумент.kg