Баткендин милицияларына кызматтык унаалар тапшырылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө 6 кызматтык унаа тапшырылды. Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жол коопсуздугун камсыздоо боюнча койгон тапшырмаларын жана ИИМдин коллегиясында Улан Ниязбековдун талаптарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Байыш Ашырбеков жана ЖКККББнын Штабынын начальниги Өткүр Умаров Баткен облусунда болуп, облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнын начальнигинин орун басары Абдыбасыт Исаев менен жолугушуу болуп өттү.
Иш-сапардын алкагында Баткен облусунун Баткен шаарында, Баткен районунда, Лейлек районунда, Сүлүктү шаарында болуп, билим берүү, жол тейлөө мекемелери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл башчылары менен жеринде жолугушуп, жол унаа кырсыктарын коомчулук менен биргеликте алдын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү. Ошондой эле, Баткен облусунун аймагында жол унаа кырсыктарын коомчулук менен биргеликте алдын алдын алуу аракеттерин көрүү жагы талкууланды. Облустун аймагында жетишпеген жол белгилерин коюу, жол чырактарын көбөйтүү жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча биргелешкен алдын алуу иш-чараларын уюштуруу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөшүлдү.
Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында кызматтык унаалар алынып, Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБга да бардык жабдыктар менен жабдылган 6 жаңы унаа берилди.
Бул иш-чара облустун бардык район жана шаарларында жүрүшү максатталууда.

 

Аргумент.kg