Баткенде учурда абал кандай? Cоңку маалымат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 28-январда саат 8:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной аймактарында кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматта тараптар ок атышууну токтотуу боюнча бир пикирге келгенден кийин кырдаал турукташканы айтылат.

Чек ара кызматы абалды көзөмөлдөп жатканын кабарлады.

Ушу тапта чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Ал арада Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңжалдан Кыргызстандын 11 аскери жаракат алганын билдирди.

Эске, салсак, Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 27-январь күнү саат 17:50лөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганын белгиледи.

Алардын миномёт колдонушу чек ара аскерлеринин штаттык комплектисине кирбейт. Бул Тажикстандын Чек ара кызматы Куралдуу күчтөрдүн күчүн жана каражаттарын колдонгонун көрсөтүп турары кошумчаланды.

Ал эми тажик тарап Сомониён айылынан жамаат Чоркухка бара жаткан тажикстандыктардын машинасын таш менен ургулашкандыктан чуу чыкканын айтууда.

Аргумент.kg