Баткенде ири суммадагы акчаны алып бербей койгон,кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баткен облусунда кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды .Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой,Баткен облусунун 38 жаштагы тургуну алдамчылык жолу менен ири суммадагы акчасын алдап бербей жүргөн жарандын  үстүнөн ,милицияга арыз менен кайрылган.Арыздануучу кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүнө карата мыйзам чегинде чра көрүүсүн суранган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Баткен ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg