Баткен облусунда маркумду жерге берүүдөгү ысырапкерчиликке каршы түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баткен облусунда милиция кызматкерлери ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын жеткирүү максатында Баткен облусунун милиция кызматкерлери эл менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.
Алсак, Баткен районунун милиция кызматкерлери жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте Апкан, Көк-Таш, Рават, Бөжөй, Кыштут, Сай айылдарына барып жергиликтүү элдер менен жолугушууларды уюштурууда. Анда каада-салттарды карманууда, маркумду акыркы сапарга узатууда, салтанаттуу кечелерди уюштурууда ашыкча чыгымдар болуп элди социалдык жана экономикалык жактан зыяндарга учуратып жатканын айтышты. Ушул багытта мечиттин имам хатибтери дагы кеңири түшүнүктөрдү берүүдө. Баткен РИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукту алдын алуу багытында сөз сүйлөп, элдин суроолоруна жооп берди.
Ал эми, Кадамжай РИИБнин милициянын көчмө кабылдамасы менен барышкан тартип сакчылары район борборунан 60 чакырымдан алыстыкта жайгашкан Майдан айыл аймагынын тоолуу айылдарындагы айыл тургундарына кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытындагы чыккан Жарлыкты жарандарга жеткирип, элет жериндеги кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тоолуу аймактардагы тургундардын мал-жандыктарына сак болууга, үй-бүлөлук зордук-зомбулуктардын алдын алуу жана алардын жаза чараларын элдерге жеткирүүдө. Милициянын көчмө кабылдамасына жергиликтүү тургундар тарабынан 5 кайрылуу келип түштү.
Ошондой эле Уч-Коргон айыл аймагындагы тургундарга дагы жогорудагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесинин (белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) негизинде 2 атуулга протоколдор толтурулуп, чаралар көрүлдү.

Аргумент.kg