Башкалаада жол жүрүү көйгөйү курч абалда. Мэр Абдыкадыров кайдыгерби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарында эртең менен жана кечинде жол жүрүү кыяматка айлангандай. Жумушуна бара турган адамдарга азап болду, өзгөчө кары-картаңдар, мектеп окуучулары кыйналып кетишти.

Маршрутка, автобус, троллейбустарга жүргүнчүлөр батпайт. Анысы аз келгенсип, жол тыгыны жан кашайтат. Күнүгө ушундай кейиштүү көрүнүш. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров дал ушул көйгөйдү чечүүнүн ордуна кайдыгерлигин көрсөтүп, камырабай жатканы эмнеси? Көпчүлүк катмар нааразы. Эми кыштын күнү бул кыйынчылык дагы курчуйт.

Элдин бийликке карата нааразычылыгына Эмилбек Абдыкадыров себепчи болуп атканын сезип атабы? Же “доңуз копсун” деп отурабы? Ал эми Бишкек шаарынын башка кейиштүү жагдайлары да арбын. Гезиттин кийинки сандарында дагы тизмектейбиз.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg