Баш энергетик Таалайбек Ибраев качанкыга чейин элди А.Жапаровго тууганчылыгы менен коркутуп, мыйзамсыз ишин улантат?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жакында энергетика тармагынын кызматкерлери президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Алар учурдагы министрдин жанындагы коштоочулардын мыйзамдан сырт аракеттерин керектүү тараптарга жеткирүүгө аракет кылышууда. Кеп кезегин баштасак – бул тармакка өткөн жылдын 7-октябрында Таалай Өмүкеевич Ибраев министр болуп дайындалган. Тармактын кызматкерлеринин айтымында, мына ошол күндөн тартып мыйзамсыз аракеттер, коркутуп-үркүтүүлөр орун алган дагы ушул күнгө чейин уланып келет. Кызматка келгенине төрт ай болбой жатып, кызматкерлердин жалпы нааразычылыгына кабылган адам Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кайнагасы болоорун белгилей кетели. “Министрдин жанында Иминов Фархад жана Толубаев Таалай аттуу адамдар пайда болушту. Алар мыйзамсыз аракеттерге көнүп калышканбы, бизди дагы өздөрүнүн кыңыр иштерине аралаштырганга аракет кылып жатышат. Биз канча айдан бери мыйзамсыздыкка жол бербей, күрөшүп келатабыз”, – дешет кызматкерлер.

Мында кандай мыйзамсыз аракеттер тууралуу сөз болууда? Министр – Таалай Ибраев баш, анын эки жандоочусу – Таалай Толубаев менен Фархад Иминов төш болуп жооптуу кызматкерлерден күмөндүү документтерге кол коюп берүүлөрүн талап кылышкан. “Бул мыйзамга каршы келет, кол коюуга мүмкүн эмес”, – деп анын мыйзамдуу жагын түшүндүргөндөрүнө карабай, аталган үч адам бийлигине салып, “Мыйзамды урганыбыз жок! Биз айткандан кийин кол коюшуңар керек! Эгер бир нерсе болсо, Акылбек Жапаров менен өзүм чечишип алам, ал менин күйөө балам” – демейге өтүшкөн. Жасалма документтин кесепети оор экени белгилүү. Бүгүн кызматкерлер кол койсо, эртең бул күмөн ишти баштагандар “суудан кургак чыгып”, баарына кол койгондор жооптуу болуп калбашына кепилдик жок. Деги эле ким кармалат, ким кармалбайт дегенде эмес кеп, өлкө жетекчилиги коррупция, паракорчулук, мыйзамсыздык менен күрөшүп жаткан маалда, Ибраевдин жаңы коррупциялык схема түзүүгө киришкенин кандай түшүнүүгө болот?

Андан ары окуя классикалык түрдө уланган: кол коюудан караманча баш тартып коюшкандан соң, Ибраев Бишкек ЖЭБ менен “Электр станциялары” ААКтын жооптуу кызматкерлерин кызматтан кетирүүгө шымалана киришкен. Бул эми түшүнүктүү, “тил укпагандарды” “тил алчаактарга” алмаштыруу зарылчылдыгы жаралды. Коррупциялык схеманын ийгиликтүү ишке киришиндеги башкы шарт – тоң моюндар, мыйзамды сыйлагандар болбошу керек эмеспи.

Ибраев, Толубаев жана Иминовдун жаңы коррупциялык схемасы кандай болушу керек эле? “Казакстандан келе турган көмүр маселеси каралып баштаганда, бул үчөө өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп, бизге мыйзамга туура келбеген ыкманы сунушташты. Эгер ал ишке кирсе, олчойгон сумма сол чөнтөккө ыргымак. Биз муну түшүнүп, жан-жабыла каршы чыгып, өткөрбөй койдук. Жыйынтыгында, мамлекеттин пайдасына 220 миң доллар үнөмдөлдү. Биринчиси аткарылбай калгандан кийин уялып отуруп калуунун ордуна, экинчи мыйзамсыз схемага кол коюубузду талап кылышты. Иминов Фархад аялынын атына фирма ачып, ошол фирма аркылуу ЖЭБден өндүрүлүп чыккан электр энергиясын МАЙНИНГге бермек. Бул дагы мыйзамсыз экенин түшүндүрсөк, Ибраев, Толубаев, Иминов биригип алып, бизди жалгыздап чакырып, коркутуп-үркүтүүгө өтүштү. Андан соң Иминов баарыбызды өзүнүн офисине чакырды, ал жакта дагы ушул эле тема көтөрүлүп, сөз кайра эле коркутуу менен жыйынтыкталды. Ушуну менен токтошту болуш керек деген ойлогуча, Ибраев менен Толубаев ЖЭБден чыккан заланы Азамат Арапбаев дегендин фирмасына акысыз берүү керектигин айтышты. Мында да, ага ылайык документтерге кол коюубузду талап кылышты. Башка компаниялар ЖЭБден чыккан заланы сатып алабыз деп сунуштап жатышса, эмнеге бекер беришибиз керек? Албетте, бул мыйзамсыз. Биз буга дагы каршы турдук. Эгер ал келишимдерге кол коюп бере турган болсок, мамлекетке чоң зыян келтирилмек жана кол койгондордун келечеги түрмө болмок”, – деп айтышты энергетиктер. Ошону менен коррупциялык схеманын министр баштаган үч “генератору” мамлекеттин эсебинен пайда көрүүгө болгон таттуу кыялдарын ишке ашырууга белсене киришти. Учурда булар “ыңгайсыз” кызматкерлерди кетирип, ордуна өздөрүнө караштуу, мыйзамсыздыкка көз жумуп кое турган адамдарды алып келүү аракетинде. Бүгүнкү күндө энергетиктерде оор жумуштук атмосфера түзүлдү, баары “Толубаев Таалай эми кимибизди кет дейт” деген суроого байланып калышкан. Мындай абалда иш ыкчам кетпеши анык, кызматкерлерге шарт, түшүнүктүү мамиле болгон учурда гана ишти илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Ибраев министр катары ошондой мүмкүнчүлүк жаратуунун ордуна, өз командасын өзү таламайга алды. “Энергетика тармагы ушул үч адамдын менчигиби? Бизге мындай, мыйзамдуулуктан качып, мыйзамсыз жолго ыктаган жетекчиликтин кереги жок. Өзүңүз ушул маселени көзөмөлгө алып, өз кызыкчылыгын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын башкы орунга койгон жетекчи дайындап берүүңүздү суранабыз. Бул үч адам ушул ыргак менен кете беришсе, энергетика тармагы тез эле туңгуюкка кептелет”, – деп айтылат мамлекет башчы Садыр Жапаровго жолдонгон кайрылууда. Мамлекет башчы бул кайрылууга кандай реакция кылат – убакыт көрсөтөт. Бирок өлкөдөгү эң чоң тармактардын бириндеги абал – мамлекеттин түздөн түз абалы. Энергетика жаатын коррупциядан коргоо үчүн мыйзамды туу туткан жетекчи керек.

Саясат.кж

Аргумент.kg