Баса албаган аялым менен 10 жыл жашаганымды эрдик катары көрбөйм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Үмүт бар. Бирок, азырынча мынча пайыз деп кепилдик бере албайм.

— Үмүт деген эле сөзүңүз биз үчүн үмүт байке.

— Эртең келгиле. Палатадан орун алып операцияга даярдана баштагыла.

— Чоң рахмат байке, чоң рахмат.

Врачтын колун бекем кыса бердим. Жөн койсо кучактап деле алмакмын. Шашып кабинетине кирип кетти. Аялымды кучактап алып ыйладым. Бул күнгө дагы жеттик. Ээ кудай, эмне деген нерселер баштан өттү. Биз туруштук бере алдык.

Автокырсыктан кийин бутуна операция болду. Туура эмес болгонбу, билбейм, айтор, төшөккө жатып калды. Башында стресс болдук. Жаныңда жүргөн аялың бир заматта минтип калса ким эле шок болбосун. Балдар ыйлады. Ага кошулуп мен ыйладым. Баарыбызды кубалап аялым ыйлады.

Барбаган жерибиз калбады. Баары эле ийнин куушурушат. Беш жыл жанталашып жүрдүк. Акыры багынып бердик.

«Ажырашалы» деди. Көөшөрүп жанынан чыкпадым. Стресс болуп мени кубалады. Ачуу сөздөрдү айтты. Урушту. Ал учурда дагы кулагымды жаап коюп жанында жүрө бердим. Кайда барам? Кимге барам? Кантип башкасын сүйөм? Мен ажырашуу үчүн үйлөнгөн эмесмин. Тек гана жанында болдум. Жок, мен боорум ооруган үчүн эмес, сүйгөнүм үчүн жанында болдум.

«Баспаган аял менен жашап жатат» дешкендер болду. Айрымдары келип мени макташты. Бул учурда аябай ачуум келди. Мен муну эрдик катары көрбөйм. Ооба, баспай калды, анын эмнеси бар экен. Ал дагы деле менин келинчегим, балдарымдын апасы, үйүмдүн куту. Мен муну эрдик катары көрбөйм. Анын ордунда мен болсом, ал дагы жанымда болмок. Мен тек гана ошого ишенем.

Турмушубуз өз нугуна түштү. Биз жөн гана жашоону чечтик. Үйүбүзгө тынчтык кайта баштады. Дарыгерлерге, жашырганда эмес табыптарга барганды токтоттук. Аттиң, жүрөктүн түпкүрүндө бир үмүт өчпөдү.

Басып кете алат экен! Угуп жатасыңарбы 10 жылдан кийин басат. Менин аялым басат! Бакырып ыйладым. Экөөбүз эмне деген гана бороондордон өттүк. Ишене албадык. Мен аны көтөрүп айланттым. Эми ээрчишип жанаша жүрөбүз. Тек гана дагы кичине чыдап коюшубуз керек.

Операция. Уйкусуз түндөр. Үмүттөр. Аялым ойгонду. Баш бармагы кыймылдады. Бутун кучактап ыйлап жаттым. Биз бакытка жеттик. Биз буга татыктуубуз.
http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg