Барскоон капчыгайында өспүрүмдүн жансыз денеси табылды
20-теке, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваЫсык-Көл облусунун Барскоон капчыгайында 17 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-июлда Барскоон капчыгайына козу карын тергени чыгып кеткен Кичи-Жаргылчак айылынын 17 жаштагы тургуну дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат саат 18:00 чамасында Жети-Ɵгүз райондук Ɵзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө түшкөн.
«Издѳѳ иштерине 12 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, түнкү саат 11де издөө токтотулган. Бүгүн таңкы саат 05:20да баланын жансыз денесин туугандары табышкан»,-деп айтылат маалыматта.
Ал эми анын сөөгүн тоодон түшүрүүнү Өзгөчө кырдаалдар бөлүгүнүн адистери колго алышкан.