Бараандуу саясатчы Туйгун байкени таасирдүү күчтөр жандай баштадыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Интеллигенция чөйрөсүндө барктуу, Чүйдө электораты күчтүү Туйгунаалы Абдраимов менен сыймыктансаң жарашат. Агабыздын баскан жолу ар тарабынан үлгүлүү, кадырлагандар баалай билишери ырас. Салабаттуу, сабаттуу, орду бийик. “Алтынды дат баспайт” дегендей, убагында Туйгун байкени каралоого аракеттер көрүлүп, бирок жуккан жок. Каарманыбыз айрым бузуку саясатчылардай эмес, карасанатайлык кылгандарга терикпейт, бутуна чырмооктой жабышкандарга маани деле бербейт. Айкөлдүгү, кечиримдүүлүгү бар. Бараандуу саясатчы болгону үчүн айрым таасирдүү күчтөр жакындашууга, мамиле кылуу менен биригүүгө ашыгып атышкандары бекеринен эмес го… Жазга карай бүйүр кызытчу далай жаңылыктарга карк болчудайбыз. Чыдап тургула…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg