Банги каражаттарын саткан ,интернет магазиндин уюштуруучусу кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ИИМдин баңгизатка каршы күрөшүү жана Бишкектин Биринчи май райондук милиция кызматкерлери психотроптук заттарды сатуу менен алектенген интернет-дүкөндүн уюштуруучусун кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «В» интернет-дүкөнү Telegram’дагы каналы аркылуу кардарлар менен жазышып, баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды Бишкектеги кыстарма деп аталган жашыруун жерлер аркылуу сатып алектенген. Аталган дүкөндүн Telegram каналында 1000ден ашык жазылуучусу бар болгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында М.А. аттуу жаран «В» интернет-дүкөнүнүн уюштуруучусу, оператору жана курьери экени аныкталган. 12-апрелде 24 жаштагы М.А. кылмышка шектүү катары кармалган.

«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө М.А. өз ыктыяры менен Бишкек шаарынын аймагындагы психотроптук заттар салынган жашыруун жерлердин даректерин көрсөткөн.

Жүргүзүлгөн соттук-химиялык экспертизага ылайык, жашыруун жерлерден алынган психотроптук заттар «метамфетамин» психотроптук заты экени  аныкталган», — деп билдирет министрлик.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg