Балжырап боёнгон Венера Рыскулова прокуратуранын айыбын “аттап” кеткенде

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өзүн фотомодель сезгендей бирөө бар. Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова. Жарашпаса да балжырата боёнуп, сүрөткө түшкөн жагынан рекорд коюп баратат. Кылган кызматы, эмгегин билбейбиз.

Бирок берегидей көрүнүшү, жакын жерден адамды үркүтүп жиберген түспөлү кооптондурат. Мамлекеттик кызматта туруп, пиар иштерин ашкере жүргүзгөнү кайсы эрежеге сыят? “Кой” деген кожо жок болсо ушул экен да. Бул айымга карата тартылган картина создукчудай…

А баса, прокуратура Венера Рыскулованы коррупцияга айыптап, ашыкча чыгым кылганын ашкерелегени эсиңердеби? “Жең ичинен” сүйлөшүп, кылмыш кылтагына түшпөй, кутулуп кеткенби? Эмесе, дагы талылуу маселелер боюнча алдыда бүйүр кызычудай…

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg