Балким сакалчан адамга тийсем, бактылуу кылабы? Жашоодон сокку алдым…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күйөөгө чыгып, ажырашып кеткем. “Кийинки жашоом кандай болот?” деп көп ойлоном. “Эми турмушка чыксам кандай адамга туш болом? Жашоомду кантем? Кайра эле биринчи жашоомдой болуп калсачы?” деген ойлор кыйнайт. Алаарда баары эле башкача сүйлөйт, андан кийин тескери кетишет экен. Биринчи турмушум тууралуу сурап, экинчи күйөөм эзбейби? Ушундан корком. Албетте, ар бир адамда кемчилик бар, жашоо ар дайым биз ойлогондой боло бербейт го. Кээде уруш-талаш, түшүнбөстүктөр болот, мүмкүн ошондой учурларда ар нерсени айтып, биринчи турмушумду козгоп кыйнабайбы? Көп ойлоном…

Араңыздарда экинчи турмушу менен бактылуу жашагандар барбы? Мен да күйөөгө тийип, балалуу болуп, бактылуу жашагым келет. Балким сакалчан адамдар ыймандуу болуп, бактылуу кылышабы? Ушундай ой келет. Чын эле сакалчан жигитке баш байласамбы?..

 

Жаңылай  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg