Балдарым бактылуу балалыкта чоңоюшу үчүн күйөөмө 2 аял алганга макул экенимди айтсамбы

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Менин да ичимден жеп жаткан проблемам бар. Жолдошум экөөбүз баш кошконубузга 7 жыл болду. Шүгүр 2 балабыз бар. Күйөөм кичине нерсеге эле (болот го жашоодо казан аяк кагышат)башкага үйлөнөм деп чыгат. Кечээ күнү да адаттагыдай саат 3то достору менен аш жеп келген келип эртен менен сага жаңылык айтам дейт мен айтыңызчы кандай жанылык десем сонун жанылык деген. Мен оюма ар нерсе келген Сонун жаңылыктарды элестетип уктадым. Эртең менен туруп эле сурадым жаңылык жакында үйлөнөм деди да ишке кетип калды. Мен да акыркы күндөрү көңүлүм калгандай, буга чейин аны өзүмө каратам деп чарчадым. Иштен келсе мен анын үйлөнүшүнө макул экенимди айтсамбы? Эмне кылсам? Сени да бага берем дейт. Бирок кантип чыдайм, балдарым бактылуу балалыкта чоноюшу үчүн баарына макул болсомбу?Ажырашып кетип калайын десем балдарымды кантип багып кетем? Апам тирүү болгондо ойлонбой ажырашып, балдарымды апама каратып иштеп уй жай кылмакмын? Кенеш бериниздерчи!

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg