«Балдары «апамды өлтүрбө» деп ыйлап». Келин зөөкүр күйөөсү аны кантип тосмо арыз жаздырганын айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Мен баары бир чыгып кетем. Адам өлтүргөндөр деле чыгып жүрүшпөйбү» деп коркутту», — дейт күйөөсүнөн зомбулук көргөн келин. Ал бул тууралуу Бишкекте «Сезим» борбору уюштурган маалымат жыйында билдирди.

«Милицияга тосмо арыз жазасың, жазбасаң өмүр бою өкүнүп өткөндөй кылып, жерде баса албай калгандай кылам» деди. Кыздарымдын оозун шейшеп менен байлап, менин оозума байпак тыгып койду. Мен «сизден эч жакка кетпейм» деп, тосмо арыз жаздым. Өзүмдүн чечимим менен барганымды айттым. Тосмо арыз жазган соң, кайра сабады. Балдарым «апамды өлтүрбө» деп ыйлашты», — деди ал.

Аргумент.kg