Балдардын милдетин мойнума жүктөп коюп таштап кеттиң.Жалгыз бой атанын баяны

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен сейрек кездешчү жалгыз бой аталардын бирөөсүмүн… Айпери (жубайым) менин классташым. Шайыр, бир орунда тура албаган активист. Качан сүйүп калганым эсимде жок, бирок ал дегенде денемди кара тер басып, акылымдан адашып калаар элем. Азыр да сүйөм… Ошондо эрте турсам, баары башкача болмок… Түнү менен кино көрүп, эртең менен уктап калыпмын. Жуунуп-жуунбай сабакка чуркап баратсам, алдыман Айпери чыкты. Көздөрү кызарган, шишиген. «Жүр бүгүн сабакка барбай эле коебуз»,деди. Дароо макул болдум. Айылдын ары жагындагы сайга жөнөдүк. Кечке чейин сүйлөшүп олтурдук. Аягында, «мен жакында алыс жакка кетем»- дедиң. Коркуп кетип, «менчи», — деп кантип айтканымды билбей калдым. Экөөбүз тең күлүп жибердик. Ошондо сезимдеримди ачыкка чыгардым. Мүмкүн ал күнү жолукпасак, биринчи сүйүүм бойдон калмаксың. А мен башкага үйлөнмөкмүн… Дайым шашып жүрчүсүң… 2-курста баш коштук. Сунушума дароо макул болгонуңа таң калдым. Дайым шашып жүрчүсүң. Бир нерсеге жетишпей калчудай коркчусуң. Ата-энебиздин каршы болгонуна карабай (жашсыңар, окууңарды бүткүлө жана башка) баш кошуп алдык. Окуумду сырткы бөлүмгө которуп, дүкөнгө жүк түшүргүч болуп жумушка орноштум. 2 кыздуу болдук. Бактылуу болуш үчүн заңыраган үйдүн, акчанын, машинанын кереги жок экенин сага үйлөнгөндөн кийин билдим. Уулубузду өзүң менен алып кеттиң…Жумуштан жаңы эле келгем. Көздөрүң кудум баягыдай шишип, кызарып калыптыр. «Мен алыс жакка кетип жатам»,-дедиң. Түшүнгөн жокмун. Эмне болгонун сурадым. Ошондо айыкпас дартың бар экенин айттың. Эшикке кандай чыкканымды билбейм. Жөө басып кете берип, шаар четине жетип калыпмын. Күн сайын көргөзбөй ыйлайм. Үйдөн басып калдым. Сени көргүм келбейт…Көп өтпөй бизди таштап кеттиң. Палатадан, «Мурат, кечирип кой, жетишпей калдым, уулубузду өзүм менен алып кетип жатам»,-дедиң. Ошондо кош бойлуу экениңди билдим. Кыздарым үчүн жашап келем… Канча күн ичкенимди билбейм. Көзүмдү ачсам бейтапканада жатыпмын. Атам жанымда экен.Колумдан кармап, «Уулум, өзүмчүл болбо, кыздарың кыйналып кетти», деди.Сүрөтүң менен жашаганыма б жыл болду. Кыздарыбыз акылдуу болуп чоңоюп жатат. Сендей активист. Сенсиз жашоомду гүлгө айланткан ошол экөө.»Жашсың, үйлөн!» дегендер толтура. А мен дале болсо сени сүйөм. Анан да, кыздарымды башка бирөөгө кор кылгым келбейт. Мыкты ата болгонго аракет жасап келем, колумдан келип жатабы же жокпу, кийин кыздарым чоңойгондо айтат.

Аргумент.kg