Балдар ойноп жыйылып турган чөптө от коюп ийди

Балдар ойноп жыйылып турган чөптө от коюп ийди

17-аяк оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Балдардын тентектигинен улам кышка деп жыйылып турган эки тонна чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта, Түп районуна караштуу Жылуу-Булак  айылында балдар ойноп жатышып, эки тонна чөпту өрттөп ийишти.  Кургак чөптөн чыккан өрттү 40 мүнөттө араң өчүрүлгөн.

Буга чейин да балдар ширенке менен ойноп, андан чыккан өрттөн эки бала каза болгон.