Балбак Түлөбаев: «Журат Абдуллаевдин кармалышы трагедия»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, Журат Абдуллаевдин кармалышы трагедия.

«Калайык! Журат Абдуллаевдин кармалышы трагедия. Бизнесмендин же Кыргызстанда бизнес кылуунун абалы ушундай.

30 жылдагы саясий ахыбал, өлкөдөгү ахыбал ушинтип бизнесменди тишине чейин куралданып, мыйзамсыз иштерге түрттү. Муну ким кылды саясий бийлик биз, аткаминерлер кылдык. Ар бир шайлоодо чакырып «акча» сурап, жумушчуларын шайлоого айдап жатып. Журат Токмокто Гаваи эс алуу борборун салган бизнесмен. Журат камалганга эмес мактоого, орденге арзыйт. Албетте мен бул жеке адамдык пикирим. Журатты такыр тааныбайм. Чай ичип отурганда эмесмин.

Өлкөдө бизнести «перезагрузка» кылып жатасыңар. Жаңы келгени алып кете алаар бекен. Бир башына өлүмдү да көргөн бизнесменди чакырып өлкөгө иште, мындан ары туура жолго бар десеңер ишенип койгула пайдасы милллион болот. Ар бир элдик толкундоодо, үйүн өрттөп, бизнесин өрттөп, балдары өрттүн ичинде чаркырап, чырылдап ыйлап атса анан эмне кылат бизесмен?

Же мамлекет, же ошо эскинин ордуна келген жаңысы өрттөлгөндү толуктап өлгөндү тирилтип берип жатабы. Чакырып, болду кой эми! мурункудай иштебе өлкөгө таза түз иште десе сүйүнүп кетет. Койгула эл жакшылары сөзгө келгиле.

Өлкөнү карачы чоң бизнестин баары араң дем алып, ээлери оорукчан болуп калды. Булар бюджет толуктаган бизнестер, бери дегенде эле 5 миңден киши иштейт. Бизнеске жаңы багыт, жаңы саясат, жаңы мамиле керек. Отурган бутакты кеспегиле», — деп белгилеген саясатчы.

Аргумент.kg