Балбак Түлөбаев: «Жакында депутаттардын мыйзамсыз иштери ачыкка чыгат»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жакынкы арада Жогорку Кеңештин депутаттарынын мыйзамсыз аракеттерин ачыктай турганын билдирди.
Маалыматта, ал: «Кээ бир депутаттар мыйзамдарды окушпайт, саясий иштерге кийлигишет, туура эмес тапшырмаларды беришет. Мен өзүмдүн гана жумуш берүүчүмө баш ием. Ал – Бишкек шаардык кеңеши. Жогорку Кеңеш менен шаардык кеңеште борбор калаадагы бизнестерге тиешеси бар депутаттар отурат. Алардын кээ бирлери мыйзамсыз иштер менен алектенишет. Жакында Жогорку Кеңештин депутаттарынын мындай аракеттерин сиздерге көрсөтүп беребиз», — деп билдирүү калтырган.
Ошондой эле, шаарда объектилер менен жер участкалары инвентаризациядан өтүп жатканын билдирди. Натыйжада ким кайсы жерди мыйзамсыз алып, салык төлөбөй жүргөнү аныкталмакчы.
«Бардык нерсенин өз убактысы бар. Бир күнү айтып беребиз», — деп белгиледи Түлөбаев.
Демек буга чейин Балбак Түлөбаевди кызматтан кетишин да жөн жерден талап кылбаганы ачыктала баштады. Ал эми кимдер комүскөдө мамлекеттин эсебинен бизнес кылып келгени тууралуу жакында күбө болобуз.

ARGUMENT.KG
Аргумент.kg