Балбак Түлөбаев: «Ушак, интригага мени аралаштырбагыла»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мени мактап же сөгүп ийсеңер эле пикирим өзгөрүп кетпейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев өзүнүн социалдык баракчасына билдирди.

Анын айтымында, коомдо ар кандай интрига пайда кылбай, өнүгүү жолуна түшүш керек.

«Бир тарабы мактайт, бир тарабы сөгөт. Элди бөлүп, чыңалтып эмне табабыз. Көп жакшы иштер болуп жатат. Үмүт бар. Иштеп элди бакпайлыбы! Коом тынч болсо өнүгүүгө шарт кошот. Мени мактап же сөгүп ийсеңер эле пикирим, тарабым өзгөрбөйт. Ким болсом ошомун, мурун эмне десем ошого умтулам. Ушак, интригага мени аралаштырбагыла. Терикпейм. Биздин тагдыр ушундай», — деп жазган билдирүүсүндө.

Эске салсак, 10-февралда Балбак Түлөбаев Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине макулдук берүү маселеси каралып жаткан учурда УКМК башчысы менен Башкы прокурордун тиреши күчөп бара жатканын айткан.

Аргумент.kg